Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким намазга азан айткан азанчыны укса, анын артынан кайталоону, бир гана эки хаяяа-аладан кийин башка сөздү айтууну үйрөткөн. Анткени эки хаяяа-аладан кийин мындай дейт: "Лаа хаула уа лаа куввата илли биллах". Анан азан айтылып бүткөндөн кийин Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтат. Анткени ким ага бир жолу салават айтса, анда Аллах ага ошол себептен он салават айтат. Аллахтын пендеге айткан салаватынын мааниси: Аллах Тааланын периштелердин алдында пендени мактоосу. Андан кийин Пайгамбар(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн Аллахтан васила суроону буйруду. Ал бейиштеги улуу макам. Ал бейиштин эң бийик даражасы. Бул орун Аллах Тааланын бардык пенделеринен бир пендесине гана ылайыктуу. Ал менмин деп үмүттөнөм. Бирок Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кичипейилдиктен айтты. Анткени бул жогорку даража бир гана адамга таандык болсо, анда ал бир адам андан башка эч ким боло албайт. Анткени, ал Пайгамбар адам затынын эң абзели. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Пайгамбар үчүн васила сурап дуба кылса, анда ал Пайгамбардын шапаатына ээ болот деп түшүндүрдү.