Кээ бир колу жука сахабалар өздөрүнүн жардылыгын, башка бай сахабалар сыяктуу садага берип, сооп топтоого чамалары жоктугун айтып даттанат. Алар деле биздей намаз окуп, орозо кармап, бирок байлыгынан садага да берип жатышат. Биз болсо садага бере албайбыз дешет. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга садаганын сообундай эле сооптуу иштерди айтат: Аллах Таала силерге деле өзүңөр үчүн бере турган садагаларды бербедиби? Мисалы, "субхан Аллах" деп айтсаңар, силерге садага бергендин сообу болот. Ошондой эле "Аллаху акбар", "Алхамду лиллах", "Лаа илааха иллаллах" деп айтканыңар садага. Жакшылыкка чакырып, жаманыктан тыйганыңар садага. Ал эмес аялыңар менен кошулганыңар да садага. Сахабалар таң калышып: "Оо, Аллахтын элчиси, бирөөбүз өз кумарын кандыруу үчүн аялына кошулса, ошого да сооп жазылабы?" - деп сурашат. Пайгамбарыбыз: "Эгерде ушул ишти зына, же башка бир арам жол менен кылса күнөө жазылат беле? Эми аны адал жол менен кылса, ага сооп жазылат" - деди.