Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына Дажжал тууралуу мурдагы пайгамбарлар айтпаган анын сыпаттары жана белгилери тууралуу кабар берген. Алардын кээ бири булар: Анын көзү сокур болот. Аллах Таала ага бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет б.а. элдин көзүнө ошондой көрүнөт. Бирок анын бейиши - тозок, тозогу - бейиш. Ким анын айтканын кылса, эл көзүнө бейиш болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал күйгүзүүчү тозок болот. Ким ага моюн сунбаса, аны эл көзүнө тозок болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал бейиш болот. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нух пайгамбар Дажжалдын азгырыгын коомуна эскерткен сыяктуу, ал да үммөтүнө анын азгырыгынан сак болууну эскертти.