Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын Аллахтын астындагы сыйы анын бул дүйнөдө башка мусулмандарга кылган жакшы мамилесине жараша болот; ким бир мусулмандын кайгысын кетирип, жеңилдетип, жардам берсе, Аллах Таала анын кыямат күнкү кыйынчылыктарын жеңилдетүү менен сыйлайт. Ким бирөөнү кыйынчылыктан чыгарса, Аллах аны дүйнө жана акыретте кыйынчылыктан чыгарат. Ким бир мусулмандын ачыкка чыгарууга болбой турган айып, ката-кемчилигин жашырып койсо, Аллах анын кемчилигин дүйнө жана акыретте жашырат. Пенде башка бир тууганынын дүйнөлүк жана акыреттик ишине жардам берип колдогон сайын Аллах Таала аны колдой берет. Колдоо дуба кылуу менен, физикалык жана каржылык жактан болот. Ким Аллахтын ыраазылыгын көздөп шарият илимин издеп чыкса, Аллах Таала ага бейиштин жолун жеңил кылат. Адамдар Аллахтын үйү мечитке чогулуп, Куран окуп, бири-бирине үйрөтүп отурса, аларга бейпилдик, тынчтык түшөт. Аларды Аллахтын ырайымы курчайт. Периштелер курчап алат. Алла Таала аларды периштелерге мактайт. Аллахтын периштелерге пендесин мактаганы жетиштүү кадыр-барк болот. Кимдин амалдары аз болсо, жакшы амал кылгандардын мартабасына жетпесе, ал ата-бабасынын тегине, урматына таянып амалдарды таштап койбосун.