Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан минтип сурады: Силерге ишиңердин ичинен эң абзелин, эң маанилүүсүн, Аллахка эң жакынын, эң тазасын, эң алдыңкысын айтып үйрөтүүмдү каалайсыңарбы? Ошондой эле, бейиштеги ордуңарды бийик кыла турганын айтайынбы? Силер алтынды жана күмүштү садака кылгандан да жакшыраак ишти айтайынбы? Силер согушта каапырларга жолугуп, силер аларды, алар силерди өлтүргөндөн да жакшы ишти айтайынбы? Сахабалар: Ооба, айтыңыз. Биз ошол ишти билүүнү каалайбыз - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Бардык убакта, кандай абал, кандай учур болбосун, Аллахты зикир кылуу - деди.