Азан – намаз убагы киргенин элге кабарлоо. Азандын сөздөрү ыйман акыйдасын толук камтып алган сөздөр. Бул хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азанды укканда эмнелер айтылаарын баяндады. Бул азан угуучу азанчынын айтканын айткандай айтуу. Эгер азанчы "Аллаху акбар" десе, угуучу: "Аллаху акбар" - дейт ж.б.у.с. Бирок азанчы: "Хаййя алас-солах" жана "Хаййя алал фалах" - десе, угуучу: "Лаа хаула уа лаа куввата илли биллах" - деп айтат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким азанчы айтканын чын жүрөктөн кайталаса, анда ал бейишке кирээрин баяндады. Азандын сөздөрүнүн маанилери: "Аллаху акбар": Ал бардык кемчиликтен аруу Аллах - эң улуу, эң урматтуу жана баарынан бийик. "Ашхаду ал лаа илааха иллаллах": Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем. "Ашхаду анна Мухамман расуулуллах": Мухаммад Аллах Тааланын элчиси экенине, Аллах Таала аны жибергенине жана ага моюн сунуу важиб экендигине тилим жана жүрөгүм менен ынанып күбөлүк берем. "Хаййя алас-солаах": Намазга келгиле. Азан угуучунун сөзү: "Лаа хаула уа лаа куввата илла биллах": Аллах Таала ийгилик бербесе ибадат кылуудагы тоскоолдуктардан кутулууга эч кандай жол жок, ибадат кылууда эч кандай күч-кубат да жок, ал нерселерге эч кимдин кудурети да жетпейт. Бардык нерсе Аллах Тааланын колдоосу менен гана болот. "Хаййя алал фалаах": Кутулуунун себептерин аткарууга келгиле. Ал кутулуу бул - бейишке кирүү жана тозоктон кутулуу.