Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыян менен зыяндын ордун толтуруу туура эмес. Анткени зыянды зыян менен кетирүү болбойт. Бирок зыянды чектен чыкпаган касас (1) менен жоюуга болот. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга зыян келтиргендерге зыяндын азабы болоорун, адамдарга катаал болгондор үчүн кыйынчылыктын азабы болорун баяндады.