Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыянга зыян менен жооп берүү адал эмес. Анткени зыян зыян менен кетирилбейт. Бирок зыянды чектен чыкпастан өч алуу (касас) менен жоюуга болот.