Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындайча баяндады. Намаз окуган адамды курсагындагы жел экилентсе, ал курсагынан чыктыбы же чыкпадыбы деп шектенип калса, анда ал дааратын буза турган нерсе бар экенине б.а. желдин үнүн угуп, же жытын жыттап ынанмайынча, даарат алуу үчүн намазды токтотпосун жана бузбасын. Анткени анык болгон нерсе күмөн менен бузулбайт. Ал намаз окуучунун даараты бар экенини анык, бирок дааратынын бузулганында күмөн бар.