Усман (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дааратынын сыпатталышын иш-жүзүндө, өтө ачык болсун деп үйрөттү. Ошентип, ал идишке суу алдырды да үч жолу эки колун жууп, андан кийин оң колун идишке салып, сууну алып, оозуна айлантып, кайрадан сууну чыгарды. Андан кийин сууну мурдунун ичине чейин тартып, анан аны чыгарып чимкирди. Анан үч жолу жүзүн жууду, анан эки колун чыканактары менен үч жолу жууду. Анан суу болгон колу менен башына бир жолу масх тартты. Андан кийин үч жолу кызыл ашыгы менен кошо бутун жууду. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) даарат алып бүткөндөн кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай даарат алып жатканын көргөнүн айтып, аларга Пайгамбар мындай деп сүйүнчүлөгөнүн да айтты: "Ким Пайгамбар даарат алган сыяктуу даарат алып, эки рекет намазды тынчтанып, жүрөгүн Улуу Раббисине тапшырып окуса, анда Аллах Таала бул толук даараты үчүн жана бул чын ыклас менен окулган намаз үчүн анын мурунку күнөөлөрүн кечирүү менен сыйлайт".