Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен Меккеден Мадинага келе жаткан. Жолдо сууга туш келип, асыр намазын өз убагында окуу үчүн шашылып даарат ала башташат. Сахабалардын кээ бири шашылып даарат алгандыктан, согончокторуна суу жеткирбей, караган адамга кургак калып жатканы көрүнөт. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алганда кемчиликтүү алып, согончокторуна суу жеткирбей кургак калтырган адамдарга тозокто азап болорун айтып, аларды дааратты жакшы, толук алууга буйруйт.