Абдуллах бин Зайд (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын кандай даарат алганын иш жүзүндө аткарып көрсөтүп берген. Алгач кичинекей идишке суу алдырды Оболу колун жуудан баштады, анан идишти кыйшайтып, бир аз суу куюп, колдорун идиштин сыртына үч жолу жууду. Анан колун идишке салып, андан үч жолу суу сузуп алып, ар бир алганы менен оозун гаргара кылып жууп жана мурдуна суу алып чимкирди. Анан идишке колун салып суу сузуп алып, аны менен үч жолу бетин жууду. Анан дагы суу сузуп алып, эки колун чыканактарын кошуп эки жолудан жууду. Анан колун дагы идишке салып, (суу) колдору менен башынын алды жагынан арт жагына карай желкесине чейин бир жолу масх тартып барып, кайра бешенесине чейин тартып келди. Анан эки бутун томуктарын кошуп жууду.