Абдулла бин Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: "Чындыгында. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды".
Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган
Кээде Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алганда, мүчөлөрүн ар бирин эки жолудан жуучу. Ооз менен мурунду чайкап, бетин, эки колун жана эки бутун эки жолудан жуучу.
Хадистин пайдалары
Дааратта мүчөлөрдү бир жолудан жууш важиб, андан ашыкча жууш мустахаб.
Кээ бир абалда мүчөлөрдү эки жолудан жууп даарат алса да болот.