Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала кудсий хадисте минтип айтканын баяндайт: Эй, адам баласы! Сен Мага дуба кылып, Менин ырайымымды үмүт кылсаң жана үмүтүңдү үзбөсөң, сенин айыбыңды жашырып, күнөөңдү кечирип коюу Мага жеңил. Атүгүл, күнөөлөрүңдүн арасында чоң күнөөлөр болсо да кечирем. Эй, адам баласы! Эгерде күнөөлөрүң асман менен жердин ортосун толтуруп, анын жетер чегине жетсе, анан сен Менден кечирим тилесең; анын көптүгүнө карабай баарын кечирип, өчүрүп саламын. Эй, адам баласы! Сен өлгөндөн кийин Мага жер бети толо күнөө, ката менен келсең, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай, жалгыздап жүрүп өлгөн болсоң; сенин күнөө-каталарыңды жер бети толо кечирим менен тосуп алам. Анткени, Менин кечиримим кенен, ширктен башка бардык күнөөнү кечиремин.