Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) кабарлайт: Мааиз бин Малик Асламини (ага Аллах ыраазы болсун) зына кылганы үчүн жазалагандан кийин, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элге кутпа кылып, мындай деген: Аллах Таала тыйган жек көрүндү, жийиркеничтүү иштен алыс болгула. Ким бул ишти кылса, ага эки нерсе важыб болот: Биринчи: Аллах да аны жашыруусу үчүн кылган күнөөсүн жашыруу, күнөөсүн эч кимге айтпоо. Экинчи: күнөөнү улантып кыла бербей, дароо Аллахка тообо кылып кайтуу. Кимдин күнөөсү бизге ачык болсо, анда ошол күнөө үчүн Аллахтын китебинде айтылган жазаны беребиз.