Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир пенде күнөө кылып алса, анан жакшылап даарат алып, анан бул күнөөсүнө тообо кылуу ниети менен эки ирекет намаз окуса, анан Аллахтан кечирим тилесе, Аллах аны кечирерин кабарлаган. (Бул хадисти айткандан) кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын бул аятын окуйт: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт. Күнөөнү Аллахтан башка ким кечирет. Алар билип туруп жасаган (күнөө) ишин кайра кайталабайт". (Аалу Имран, 135-аят).