Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нажддын тургундарынан чачы чатышкан, үнү бийик, бирок айтканы түшүнүксүз болгон бир киши келди. Ал качан гана пайгамбардын жанына келгенде, андан Исламдын парздары тууралуу сурап жатканы маалым болду. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алгач намаздан баштады. Аллах Таала бир суткада беш убак намаз окуунун милдет кылып моюнга жүктөгөнүн айтты. Тиги киши: бул беш убак намаздан сырткары дагы башка намаздарды окуу мага милдет эмеспи? деп сурады. Ал: Жок, башка намаз окуу сага милдет эмес. Бирок кошумча нафил намаздарды окусаң болот деди. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айынын орозосун кармоого милдеттүү экенин айтты. Тиги киши: Рамазандын орозосунан башка орозо кармоо мага милдет эмеспи? - деп сурады. Ал: Жок, эгер кааласаң, нафил орозо кармасаң болот - деди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага зекет тууралуу айтты. Тиги киши: Милдеттүү зекеттен башка садака да берүү мага милдет эмеспи? - сурады. Ал: Жок. Бирок кааласаң, напил садакаларды берсең болот - деди. Киши Аллахтын элчисинин айткандарын уккандан кийин артына бурулуп жөнөдү да, Аллахка касам ичип, бул айтылгандарды ашык-кем кылбай аткарып жүрөрүн айтты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Эгер бул киши касам ичип айткан сөзүндө турса, анда тозоктон кутулуучулардын катарында болот - деди.