Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге сапарда болдум. Бирде аны менен жанаша басып калып: Оо Аллахтын элчиси, мага мени бейишке киргизип, тозоктон куткара турган амалды атап берчи - деп сурадым. Ал: Сен аткаруу напсиге оор болгон иштер тууралуу сурадың. Бирок Аллах Таала аны аткарууну жеңил кылып койгон адамга аткаруу жеңил болот. Исламдын мобул беш парзын аткар: Биринчи: Аллахка эч нерсени шерик кылбай, ибадат кыласың. Экинчиси: Күнү-түнү биригип суткасына беш убак намаз окуйсуң. Булар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан намаздары. Намаз окуганда шарттарын, үрүкүндөрүн, важибтерин толук аткар. Үчүнчүсү: парз болгон зекетиңди чыгарасың. Зекет белгилүү өлчөмгөн жеткен малдан тиешелүү адамдарга чыгарып бере турган мал-дүйнөгө байланыштуу ибадат. Төртүнчүсү: Рамазан айында орозо кармайсың. Орозо таң аткандан, күн батканга чейин ибадат ниетинде тамак, суусун, ж.б. оозду ачып койо турган иштерден сактануу. Бшинчиси: Аллахка ибадат кылуу үчүн Меккени максат кылып Аллахтын үйүнө ажылык кыласың. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жакшылыктын эшигине жеткире турган жолду айтайынбы? Жанагы парз амалдарга кошуп бул напилдерди аткар - дейт. Биринчиси: Напил орозо карма. Мындай орозолор кумар каалоону басаңдатып, күч-кубатты азайткандыктан күнөө кылууга жол бербейт. Экинчиси: Напил садага кетирген күнөө, каталарды өчүрөт жана анын изин кетирет. Үчүнчүсү: Түндүн акыркы бөлүгүндө тахажуд намазы. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын сөзүн окуду: (Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп) уйкудан туруп, коркуу жана үмүт менен Раббисине кайрылышат (зикир, Куран окуу, дуба менен). Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы? - дейт. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун): ооба, айтыңыз - дейт. Пагамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Диндин башы - эки күбөлүк келме, ушул эки келме менен адам динге келет. Диндин тиреги - намаз. Намаз болмоюнча Ислам болбойт. Түркүгү жок үй болбогон сыяктуу. Кимде-ким намаз окуса, анын дини бекемделип, көтөрүлөт. Диндин туу чокусу - Аллахтын Сөзүн жогоруу кылуу үчүн дин душмандары менен күрөшүү. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жогорудагылардын баарын бекемдей турган нерсени айтайынбы - деп, колу менен тилин кармап: Ушуну сакта, өзүңө тиешелүү болбогон нерсени сүйлөбө - деп эскертет. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун): Биз ар бир сүйлөгөн сөзүбүз үчүн эсеп берип, азапталабызбы? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Энең сени жоготсун! - дейт. Бул аны каргаган сөз эмес. Арабтарда маанилүү бир нерсеге көңүл буруп, билүүсү үчүн кыйыр мааниде айтылган сөз. Анан: Адамдардын тозокко көмкөрүсүнөн кулап түшүүсүнө алардын каапырлык сөздү сүйлөгөнү, жалган жалаа жапканы, сөгүнгөнү, кыйбат, ушак кылганы себеп болуп жатпайбы - дейт.