Пайгамбарыбыздын кызы Фатима жаргылчак тарткандан колдору кабарып кеткенин айтып, атасына арызданып келет. Ошол учурда пайгамбарыбызга туткунга түшкөн кулдар алынып келген эле. Үй иштерин аткартуу үчүн ошол туткундардан бир кызматчы сурамакчы болуп барат. Бирок пайгамбар үйдө жок болот. Айшага жолугуп, ага келген себебин айтып кайра кетет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Айша ага Фатима кызматчы сурап келгенин айтат. Фатима менен Али уйкуга жаткан учурда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын үйүнө келет. Алардын ортосуна өтө жакын отургандыктан, Али анын бутунун суугу ичине өтүп жатканын сезет. Анан мындай дейт: Силер сураган кызматчыга караганда силерге пайдалуураак нерсени айтайынбы? Ооба, айтыңыз дешет алар. Ал мындай дейт: Түндө уйкуга жатканыңарда "Аллаху акбар" деп отуз төрт жолу такбир айткыла. "Субхан Аллах" деп отуз үч жолу тасбих айткыла. "Алхамду лиллаах" деп, отуз төрт жолу тахмид (мактоо) айткыла. Мына ушул зикр сөздөр силерге кызматчыга караганда жакшы.