Сахл бин Муаз бин Анас атасынан риваят кылып айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет. Хасан (жакшы) - Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак жеген адам: бул тамакты табууга, аны жегенге менин кудуретим жок эле, Аллахтын жардамы менен гана тамак таап жей алдым деп, Аллахка алкыш-мактоо айтууга үндөгөн. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким ушинтип айтса, Аллах Таала анын мурда жасаган майда күнөөлөрүн кечиришине татыктуу болорун сүйүнчүлөгөн.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Тамак жеп бүткөндөн кийин Аллах Таалага алкыш-мактоо айтуу жакшы иш.
  • Аллах Тааланын пенделерине берешендиги улуу. Пенделерине ырыскы берет, ырыскы алуунун жолун жеңил кылат, анан да ошол ырыскыны жеп мактоо айтканы үчүн күнөөлөрүн кечирет.
  • Пенденин ар бир иши Аллахтын жардамы менен болот, өзүнүн күч-кубаты менен болбойт. Пенде себептерди аткарууга гана буйрулган.