Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким болсо да кайсы бир жерге келгенде зыянын тийгизе турган коркунучтуу нерселерден коргой турган пайдалуу коргонууга жол көрсөткөн. Мейли сапарда жүргөндө болсун, же эс алууга чыкканда болсун, мейли башка учурда болсун айырмасы жок. Бул коргонуу: зыяны бар бардык макулуктардын жамандыгынан Аллах Тааланын арткычылыгы, берекеси, пайдасы толук тийе турган, эч кандай айып, кемчилиги жок сөзү менен сактанамын деп коргоо тилөө. Мына ушундай кылса, ал жерден кайра жөнөп кеткенге чейин зыянын тийгизе турган нерсенин баарынан аман болот.