Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде эки мусулман бири-бирин жок кылууну көздөп кылычташып урушса, анда өлтүргөн киши экинчисин түздөн-түз өлтүргөндүктөн тозоко түшөөрүн кабарлады. Өлтүрүлгөн адам туурасында сахабалар: «Ал тозокко кандай түшөт?» - деп сурашканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал да шеригин өлтүргүсү келгени үчүн кылычын көтөрүп чыкканын айтты. Андыктан ал да тозоко түшөөрүн, аны өлтүрүүдөн башка эч кандай максаты болбогондугун жана аны шериги өлтүрүп койгондугун кабар берди.