Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк иштерин баяндады. Алар: Биринчи: Рукия. Бул - Исламга чейинки доордо жашаган элдердин шыпаа табуу үчүн колдонгон ширк аралашкан сөздөрү жана дубалары. Экинчиси: Мончоктордон жана ушул сыяктуу нерселерден жасалган тумарлар. Муну жаман көздөн сактануу үчүн балдарга, жаныбарларга жана башкаларга тагышат. Үчүнчүсү: Тивала. Бул - жубайларды бирини экинчисине сүйдүрүү үчүн жасалат. Бул иштердин баары ширк. Анткени ширк шариятта далилденбеген бир нерсени же тажрыйба менен далилденбеген бир нерсени себеп кылуудан болот. Ал эми Куран окуу сыяктуу шариятта бар себептер же тажрыйба менен далилденген дарылар сыяктуу көзгө көрүнгөн себептерге келсек, пайда менен зыян Аллахтын колунда деген ишеним менен аларды себеп деп эсептесе болот.