Усман бин Абу Аас (ага Аллах ыраазы болсун) аны өлүмгө алып бара тургандай катуу ооруп калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кабар алып келип, Аллах Таала андан ооруну кетире турган дубаны ага үйрөтөт. Бул дуба мындай: алгач колун ооруган жерине койот. Анан үч жолу "Бисмиллах" дейт. Андан кийин: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам" деп жети жолу айтат. Кооптоном дегени, келечекте мени кайгыга жана коркунучка салуусунан, же оору бут денеме жайылып кетүүсүнөн чочулайм деген маани.