Абдуллах бин Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат: «Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты. Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган
explain-icon

exp

Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биз оюбузга ушунчалык жаман ойлор келет, аны айтканга караганда күл болуп күйүп кеткенибиз жакшыраак» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолу такбир айтып, шайтандын айла-амалы жөн эле азгырык ойлорго айланып кеткени үчүн Аллахка мактоо айтты.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Шайтан момундарды ыймандан куфрга буруу үчүн аларды ар түрдүү азгырык ойлорго салат.
  • Ыймандуу адамдардын алдында шайтан алсыз болот. Анткени ал аларга ойлорду гана сала алат.
  • Ыймандуу адам шайтандын азгырык ойлорун кабыл албай, келген азгырык ойлорду жок кылуу үчүн күрөшүү керек.
  • Жакшы кабар укканда же таң калыштуу нерсе болгондо же ушуга окшош учурларда Аллахка такбирлерди айтуу керек.
  • Мусулманды ойлондурган ар түрдүү суроолорду аалымдан суроосу керек