Бул хадисте Айша жана Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деп кабарлап жатат: "Пайгамбарга (Аллахалардан болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда аны жүзүнөн алып салып жатты. Ошондой оор абалда жатып мындай деди: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады жана аларды Өз ырайымынан алыстатты. Себеби, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүнө мечиттерди салышкан". Эгер бул иштин коркунучтуулугу болбогондо, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай кыйын абалда аны эскертмек эмес. Ошондуктан ал мына ошого окшош иштерден үммөтүнө тыюу салды. Анткени ал яхудийлер менен христиандардын кылганы жана Аллах Таалага ширк кылууга алып баруучу жол.