Абдулла ибн Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот». Хасан (жакшы) - Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жакшы окуган жана жаттаган ошондой эле анын өкүмдөрүнө амал кылган адам бейишке киргенде ага: «Бул дүйнөдө Куранды ой жүгүртүү жана шашпай окуган сыяктуу азыр да Куран оку жана аны окуу менен бейиштин даражаларына көтөрүл. Сенин даражаң сен окуган акыркы аятта болот» - деп айтылат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кыяматтагы жаза жана сыйлыктар - иш-аракеттердин санына жана сапатына жараша болот.
  • Куранды окууга, аны так билүүгө, жаттоого, ой жүгүртүүгө жана ага ылайык амал кылууга Пайгамбарыбыз үндөөдө.
  • Бейиштин көптөгөн даражалары бар. Куран ээлери эң жогорку даражаларга жетет.