Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды окуган жана андан пайдаланган адамдардын түрлөрүн баяндаган: Биринчиси: Куранды окуп, андан пайдаланган ыймандуу адам. Ал цитрон деп аталаган өсүмдүктүн мөмөсү сыяктуу, анын даамы да жакшы, жыты жана түсү да жакшы. Анын пайдасы көп, ал окуганына амал кылат жана башка пенделерге да пайдасын тийгизет. Экинчиси: Куранды окубаган ыймандуу адам. Ал курма сыяктуу, даамы таттуу, бирок анын жыты жок. Курма даамды ичине ороп алып, бирок анын адамдар жыттай турган жагымдуу жыты жок болгон сыяктуу, тиги адамдын жүрөгү ыйманды ороп алган, бирок адамдар угуп ырахат ала тургандай Куранды окубайт. Үчүнчүсү: Куран окуган мунафык. Ал Райхан сыяктуу, анын жыты жагымдуу бирок даамы ачуу. Б.а. анын жүрөгү ыйман менен оңдолгон эмес, Куранга да амал кылбайт, адамдардарын арасында өзүн мусулман сыяктуу көрсөтөт. Жыты жакшы деп анын Куран окуганын окшоткон. Даамы ачуу деп анын каапырлыгын окшоткон. Төртүнчү: Куран окубаган мунафык. Ал колоцинт сыяктуу, анын жыты да жок, даамы да ачуу. Анын жытынын жоктугун Куран окубаганына окшоткон; Куран окубагандыгы үчүн. Даамынын ачуулугун каапырлыгынын ачуулугуна окшоткон. Ичи да ыймандан бош, сырткы иштери да пайдасыз, тагыраагы, зыяндуу.