Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жаттап көкүрөккө киргизгенден кийин кайра унутуп калбоо үчүн Куранга бекем болууга, тилават кылып окууга көңүл бурууга буйруган. Курандын эстен бат чыгып кетерин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип бекемдеп айткан. Куран буту жип менен чидерленген төө бошонуп качып кеткенден да бат эстен чыгат. Ал төөнү адам караса кармап калат, бошотуп койсо качып кетет жана жоголот.