Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)". Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
explain-icon

exp

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадиси кудсийде, Аллах Тааланын айтканын кабар берди: "Мен Фатиха сүрөөсүн намазда Өзүм менен пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, жарымы мен үчүн, жарымы ал үчүн". Биринчи жарымы: Аллахка шүгүрлөр, мактоолор жана улуктоо жана аны эң жакшы сыйлык менен сыйлоо. Экинчи жарымы: дуба жана жалбаруу. Аллах Таала айтты: "Мен ага жооп берем жана сураганын берем" - деди. Намаз окуган адам: "Альхамду лиллахи Раббиль ааълямиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем мага шүгүрлөрдү айтты". Эгер ал: "Ар-Рахманир Рахийм" - десе, Аллах айтат: «Менин пендем Мени мактады жана Мага шүгүрлөрөрдү айтты. Менин жаратканыма болгон жакшылыктарды жалпылай моюнга алды". Эгер ал: "Маалики яумуддиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем Мени улуктады, бул эң чоң сыймык". Эгер намаз окуган адам: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - десе, Аллах: "Бул Мен менен пендемдин ортосунда" - дейт. Бул аяттын биринчи жарымы Аллахка таандык. Ал аят: "Иййака наьбуду". Бул - ибадат Аллахка гана болоорун моюнга алуу жана Ага гана ибадат кылууну кабыл алуу. Ушул менен Аллахка тиешелүү жарымы бүтөт. Ал эми аяттын экинчи жарымы пенде үчүн. Ал аят: "Иййака настаьийн". Бул - Аллахтан жардам суроо жана Анын жардам берүүгө болгон убадасы. Эгерде намаз окуучу: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - десе, Аллах айтат: "Бул Менин пендемдин дубасы жана жалбаруусу. Пендемдин сураганы берилет жана мен анын дубасын кабыл кылдым".

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Фатиха сүрөөсүнүн эң чоң мааниси – Аллах Таала аны намаз (Солах) деп атаган.
  • Аллах Тааланын Өзүнүн пендесине жардам берээрин баяндап жатат. Анткени Аллах Таала аны мактоо-шүгүрлөрдү айтканы себептен жана улуктаганы себептен мактады жана сураганын берем деп убада берди.
  • Бул ыйык сүрөө Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтууну, Кыямат күнүн эскертүүнү, Аллахка дуба кылууну, Ага гана чын ыкластан ибадат кылууну, туура жолго салууну суроону жана бузуку жолдордон сактанууну камтып алган.
  • Намаз окуучу бул хадистин маанисин түшүнсө Фатиха сүрөөсүн окуган кезде анын намаздагы коркуп туруусу күчөйт.