Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жеңил жана оор шарттарда, байыган кезде жана жакырчылыкта башчыларга жана өкүмдарларга моюн сунуу үчүн сахабалардан келишимдерин жана убадаларын алды. Ал башчылардын буйруктары напси жактырган нерседе болобу же жек көргөн нерседе болобу, мейли алар элдин акчасы менен, мансап же андан башка нерселер менен элди башкарып, көзөмөлдөп турса дагы, аларды угуу, аларга баш ийүү важиб. Адамдар аларга каршы көтөрүлүшкө чыгышпасын. Анткени алар менен күрөшүүдөгү фитна жана бузукулук алардын зулуму себептүү болгон бузукулуктан да чоң жана зыяндуу. Алар айыптоочулардан коркпой, Аллахка чын ыкластуу болуп, каалаган жерде чындыкты айтууга убада кылышкан.