Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир адамды башкаруучу жана адамдарга жооптуу кылып койгонун кабарлап жатат. Амир сыяктуу жалпы башкаруучу болобу, же өз үйүндөгү эркек жана өз үйүндөгү аял сыяктуу жеке башкаруучу болобу, айтор, ал өз кол алдындагы адамдын акысында кемчилик кетирип, аны алдап, ага насаат айтпай, анын диний жана дүйнөлүк акыларын текке кетирсе, анда ал бул катуу жазага татыктуу болот.