Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп баяндап жатат. Мусулмандар бир өкүмдардын астына жана жалпы мусулмандар жамаатына биригишсе, андан кийин ал өкүмдар менен өкүм талашууну каалаган же мусулмандарды бир нече жамаатка бөлүүнү каалаган бирөө келсе, анда ал адамды жамандыгынан кайтаруу үчүн жана мусулмандардын канын сактоо үчүн тыюу керек же ал адамга каршы күрөшүү керек.