Бейишке киргизе турган амалды көрсөтүп берүүсүн суранып пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир чөлдүк киши келди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага бейишке кирүү жана тозоктон кутулуу Исламдын түркүктөрүн аткарууда, Аллахка эч нерсени шерик кылбай, Анын Өзүнө ибадат кылууга байланыштуу экенин айтып жооп берди. Анын бири - Аллах Таала пенделерине ар бир күн-түнү окууну парз кылган беш убак намазды окуйсуң. Аллах сага берүүңдү милдет кылган мал-дүйнөнүн зекетин, татыктуу адамга бересиң. Рамазан айынын орозосун өз убагында кармайсың. Ошондо тиги киши: Жаным колунда турган Аллахка ант болсун, сен айткандан ашыкча ибадат кылбаймын жана мындан кем да кылбаймын дейт. Ошентип ал кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Кимди бейиштин тургундарынан болгон адамды көрүү кубандырса, анда ушул чөлдүк кишиге карасын.