Жаабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) Мекке мусулмандардын колуна өткөн жылы Меккеде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аллах жана Анын элчиси аракты сатууну, өлүмтүктү, чочкону жана буркандарды арам кылды - деп айтканын угат. Бирөө: өлүмтүктүн майын сатып пайдалана берсек болобу? - деп сурайт. Анткени, май менен кайыктардын түбүн майлап, терилерди майлап, чыракка куйуп күйгүзүшөт дейт. Пайгамбарыбыз: жок, өлүмтүктүн майын да сатуу арам - дейт. Анан пайгамбарыбыз: Аллах Таала жөөттөрдү кыйратып жок кылсын, аларга наалаты болсун. Анткени алар Аллах Таала аларга мал-жандыктын майын арам кылганда алар аны сызгырып, ээритип анан аны сатып, акчасын жей беришкен - деп кошумчалайт.