Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Азуу тиштүү жырткычтардын жана тырмактуу (жырткыч) канаттуулардын этин жегенден тыйган.
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азуу тиштери менен аңчылык кылган жырткыч айбандардын жана табылгасын темир тырмагы менен кармап, тытып жеген канаттуулардын этин жегенден тыйган.
Хадистин пайдалары
Ислам дини бардык нерседе, жегенде да, ичкенде да таза нерсени гана пайдаланууга үндөйт.
Негизинде тамак-аштын баары адал. Бирок арам экендигине анык далил келгендери гана арам.