Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйган. Назр - бул, адам өзүнө-өзү шарият буйрубаган ишти жүктөп алуусу. Назр тагдырда жазылган ишти алдыга да, артка да жылдырып жибербейт. Болгону назр кылуу важиб болуп калган соң, сараң адамдын бир нерсе чыгаруусу талап кылынат. (Мисалы: эгер оорудан айыгып кетсем, миң сом садага берем десе, ушул назр болуп эсептелет. Айыкканда миң сом садага бериши милдеттүү болот).