Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) уруусундагы бир канча адам менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келет. Максаты казатка минүү үчүн Аллахтын элчисинен төө суроо эле. Аллахтын элчиси касам ичип, аларга бере турган төө жок экенин айтат. Алар кайтып кетишет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчисине олжодон түшкөн төөнү алып келишет. Ошол төөнү аларга берет. Төөнү алгандан кийин бири-бирине: бул төөнүн берекеси болбой калат го, анткени Аллахтын элчиси төө бербеймин деп касам ичти эле, андан кийин кайра берип койду дешет. Анан кайра келип мунун жагдайын сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деди: Силерге төөнү Аллах Таала берди; анткени аны ырыскы кылып, насип кылган Аллах. Мен болгону аны ишке ашырган себепчимин. Анан дагы мындай деп кошумчалады: Аллахка ант болсун, мен Аллах кааласа, кайсы нерсеге кыламын же кылбаймын деп касам ичпейин, касам ичкен нерсеге караганда жакшы ишти көрсөм, жакшы ишти аткарамын. Касамымдан кайтып анын кафаратын аткарам.