Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай ажылык кылса» - деген сөзүндөгү жыныстык катнаш – бул жыныстык катнаш кылуу жана ага киришүүдөн алдынкы өбүшүү жана кармалашуу экендигин баяндап жатат. Жана жыныстык катнаш – бул жаман сөздөр деп да айтылат. Ошондой эле анын «бузукулук иштерди аткарбай» деген сөзү – бул жаман иштерди жана күнөө иштерди аткарбоо экендигин баяндап жатат. Жана Ажылык учурунда тыюу салынган (1) иштерди кылуу да бузукулук иштерден болот. Кимде-ким Аллах үчүн ушуларды кылбай ажылык кылса, анда ажылыктан энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза ымыркай сыяктуу күнөөсү кечирилген абалда кайтарын баяндап жатат.