Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгынан келгенден кийин, ансарлардан ажыга барбай калган бир аялга кайрылып: "Биз менен ажыга баруудан сени эмне тосуп калды?" - деп сурайт. Аял аларда эки төөсү болгонун, анын бирин күйөөсү менен баласы минип ажыга кеткенин, экинчисин үйдө калгандарга кудуктан суу ташып ичип туруу үчүн калтырышканын айтып үзүрүн билдирет. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айында умра кылуу ажылык кылгандай сооптуу болорун айтты.