Сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллах жолундагы жихадга чыгууну, душман менен согушууну амалдардын абзели деп билген. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан жихадка чыгууну сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага туура жол көрсөтүп, аялдар үчүн жихаддын жакшысы кабыл боло турган ажылык, тагыраагы, Куран жана сүннөткө ылайык, күнөө жана эл көрсүндөн таза аткарылган ажылык экенин айтат.