explain-icon

exp

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мунафыктын абалын түшүндүрүп, эки үйүрдүн кайсынысын ээрчүүнү билбеген, эки жүздүү абалын салыштырып кетти. Кээде бул үйүргө, кээде башка үйүргө барат. Алар ыйман менен куфрдун ортосунда арсарлангандар. Алар сыртынан да, ичинен да ыймандуулар менен эмес. Сыртынан да, ичинен да каапырлар менен эмес. Тескерисинче, алардын сырткы көрүнүштөрү ыймандуулар менен, ал эми ички ишенимдери күмөндөнүү жана шектенүү менен болот. Мына ошондуктан алар кээде ыймандууларга, кээде каапырларга оошот.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир маанини элдин аң-сезимине жакындатуу үчүн ар түрдүү мисалдарды айтып түшүндүргөн.
  • Эки жүздүү адамдын дайыма күмөндөнүүсүн жана туруксуздугун Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтып кетти.
  • Мунафыктардын абалынан сактанууну эскертти. Сырткы жана ички абалдарда ыйманда чынчыл жана чечкиндүү болууга чакырды.