Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мунафыктар жана алардын намазга өзгөчө куптан жана багымдат намаздарына баруудагы жалкоолугу жөнүндө кабар берип жатат. Эгер алар мусулман жамааты менен болуудагы сооп-сыйлыктардын кадырын билишкенде, анда бала колу жана тизеси менен жөрмөлөгөндөй жөрмөлөп болсо да келишмек. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окууга буйрук кылып намаз окулуп, өзүнүн ордуна башка бирөөнү адамдарга имам болууга дайындап андан соң жамаат намазга келбеген эркектерге отун көтөргөн бирөө менен барып, алар жамаатка келбей оор күнөө кылышканы үчүн үйлөрүн өрттөп жиберүүнү каалады. Бирок ал муну кылган жок. Анткени үйлөрдө эч кандай күнөөсү жок аялдар, балдар жана башка үзүрлүү адамдар бар болчу.