Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт иштен тыйып, катуу эскерткен. Эгер бул төрт иш бир адамда топтолсо, ал анык мунафыктарга окшойт. Бул ошол төрт ишти көп учурда аткарган адамга тиешелүү. Ал эми бул иштердин кээ бирин гана кылган адам буга кирбейт. Биринчиси: Сүйлөгөндө жалганга таянып сүйлөйт, сөзүндө чындыгы болбойт. Экинчиси: Келишим кылса, анын өтөөсүнө чыкпайт, келишим кылган адамга кыянат кылат. Үчүнчүсү: Убада берсе, анысын аткарбайт, убадасынын тескерисин кылат. Төртүнчүсү: Кимдир бирөө менен талашып-тартышса, сөзүн чындыкка чыгаруу үчүн чектен чыгып, акыйкаттан четтеп, батыл жалганды айтат. Нифак, (эки жүздүүлүк) - ичиндеги нерсенин тескерисин ачыкка чыгаруу. Мына ушул маани жогорудагыдай адаттардан байкалат. Эки жүздүүлүгү сүйлөгөн адамдын акысына, убада берген адамдын акысына, келишим кылган адамдын акысына, талаш-тартыш кылган адамдын акысына кирет. Мындай адам каапырлыгын жашырып динин көрсөткөн анык мунафык эмес. Кимде ушул айтылган сыпаттар болсо, аны таштаганга чейин мунафыктыктын сыпатын көтөрүп жүргөн болот.