Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо". Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки ишти каапырлардын амалы, Исламга чейинки доордон калган ахлак деп кабарлаган. Ал экөө: Биринчиси: Адамдардын тегин кемсинтип, аларды басынтып, текеберлик кылуу. Экинчиси: өлүм болгондо тагдырга нааразы болуп, үнүн көтөрүп өкүрүп ыйлоо, же сабырсыздыктан улам кийимин тытып ыйлоо.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кичи пейил болууга, адамдарга текеберленбөөгө кызыктыруу.
  • Жоготуу кайгысы болгондо сабыр кылып, тагдырга ачууланбоо важыб.
  • Бул иштер кичине каапырлыктан, буларды кылган адам каапыр боло турган каапырлыктын бир бутагын кылган болуп эсептелбейт. Адамды диинден чыгара турган каапырлык бул чоң каапырлык болот.
  • Ислам дини мусулмандардын ортосунда бөлүнүүгө алып келе турган бардык иштен тыят. Мисалы, тегин кемсинтүү ж.б.у.с.