Самура бин Жундуб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок». Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таалага эң сүйүктүү сөздөр төртөө экенин баяндап жатат. Субханаллах: Аллах Тааланы бардык кемчиликтен аруулоону түшүндүрөт. Алхамдулиллах: Аллах Тааланы жакшы көрүү жана Аны улуулоо менен Анын толук, кемчиликсиз экенин сыпаттоо. Лаа илааха Иллаллах: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллаху Акбар: Бардык нерседен эң урматтуу, эң улуу жана эң кадырлуу. Бул сөздөрдүн пазилетин жана сообун алуу үчүн аларды тартиби менен айтуу талап кылынбайт.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Шарият жеңил. Ошондуктан бул сөздөрдүн кайсынысы менен баштасаң да зыяны жок.