Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул улук сөздөр менен Аллах Тааланы зикир кылуу дүйнө жана андагынын баарынан жакшы экендигин айткан. Бул сөздөр: "Субхан Аллоохи": Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллаахи": Улуктоо жана махабат менен бирге Аллах Тааланы толук сыпаттары менен мактоо. "Лаа илааха иллаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок. "Аллаху акбар": Бардык нерседен улук, чоң.