Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып, андан кийин: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтса, анда Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» деди да: «Мен сенин күнөөлөрүңдү кечирдим» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Мен кулумду кечирдим» - деп айтты. Андан кийин кайра ал адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Мен кулумду кечирдим. Ал ар бир күнөө кылган сайын күнөөсүн таштап, өкүнүп, кайра ага кайтпоону чечип бирок напси аны жеңип кайра күнөөгө батса, анда каалаганын кылсын. Ал күнөө кылып анан тообо кылып ушундай кыла берсе, анда Мен аны кечирем. Анткени тообо андан мурункуларды жок кылат» - деп айтты.