Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип баяндайт: ага парз болгон намаз убактысы киргенде мусулман адам жакшылап, толук даарат алса, анан жүрөгү менен да, дене мүчөлөрү менен да Аллахка берилип, Анын улуктугун сезип намаз окуса, намаздын үрүкү, сажда ж.б.у.с. амалдарын толук аткарса, анда анын бул намазы ага чейин жасаган майда күнөөлөрүнө каффарат болот, б.а. күнөөлөрүн кетирет. Бирок ал чоң күнөөлөрдү кылбоосу шарт. Мындай артыкчылык бардык заманга жана бардык намаздарга тиешелүү.