Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан эле: «Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо». Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен бир күндөгү беш убак парз намаздардын ортосундагы, ар бир аптадагы жума намазы менен кийинки жума намазын ортосундагы жана жыл сайын рамазан айындагы орозо менен кийинки орозонун ортосундагы кичине күнөөлөрдүн кечирилишин кабарлап жатат. Ал эми зына жана арак ичүү, ж.б.у.с. чоң күнөөлөр тооба менен гана кечирилет.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Күнөөлөр чоң жана кичине болуп бөлүнөт.
  • Чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен гана кичине күнөөлөр кечирилет.
  • Чоң күнөө - бул дүйнөдө анын жазасы баяндалган. Акыретте анын азапталышы тууралуу жана Аллахтын ага ачуулануусу тууралуу убада келген. Аны кылган адамга экертүү керек же ал Аллахтын каргышына калат. Чоң күнөөлөр зына же арак ичүү, ж.б.у.с.